Жаңылыктар

Абал курчуп баратат. Коронавирустан бир суткада 6 адам каза тапты

Бир суткада 145 бейтап коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек — 107;
Ош шаары — 2;
Чүй облусу – 25;
Ош облусу — 1;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 3.

Өткөн суткада 103 бейтап коронавирустан айыгып чыкты.

Бишкек – 66;
Ош шаары – 5;
Чүй облусу – 29;
Жалал-Абад облусу – 3.

Акыркы суткада өлкө боюнча дагы 6 адам коронавирус инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаары – 3;
Чүй облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 1.

Муну менен өлкө боюнча коронавирус инфекциясы жалпы 1 миң 528 жарандын өмүрүн алды.

Яндекс.Метрика