Жаңылыктар

Абал курчуп баратат.Сутка ичинде 215 адам вирус жуктуруп алды

Өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 47 миң 56га жетти. Акыркы сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу дагы 215 адамдан аныкталды. Каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Сутка ичинде жуктуруп алгандар региондор боюнча:

Бишкек шаары — 17;
Ош шаары — 19;
Чүй облусу – 23;
Ош облусу — 41;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 40;
Баткен облусу — 63.

Мындай темп менен жүрүп отурса өлкө боюнча чектөөлөр киргизилип өзгөчө абал жарыяланышы мүмкүн.


Яндекс.Метрика