Жаңылыктар

Абал оорлоп баратат. Коронавирустун жаңы Британ штаммы Бишкекке жетти

Кыргызстанда коронавирус штаммынын төрт түрү табылды: Британия (жаңы штамм), Индия (жаңы версия), Түштүк Африка (эски версия) жана Россия Федерациясы.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, анализдер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдамалык лабораториясына Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону көзөмөлдөө боюнча Федералдык бюджеттик илимий мекемеси «ВЕКТОР» мамлекеттик вирусология жана эпидемиология борборуна (Новосибирск) жөнөтүлдү.

Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги калкка профилактикалык чараларды так сактоону сунуштайт: маска кийүү, социалдык аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу. Оорунун белгилери байкалса, үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылыңыз же 118 ишеним телефонуна чалыңыз.

Өз алдынча дарыланбаңыз. Өткөн суткада Кыргыз Республикасында жугуштуу пневмония жана коронавирустун 380 учуру аныкталды.

Яндекс.Метрика