Адахан Мадумаров канча кол топтогону белгилүү болду
Бүгүн президенттикке талапкерлер кол топтоп БШКга өткөрүүнүн акыркы күн. 21:00гө карата кол топтогондордун катарын «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров толуктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Адахан Мадумаров 39 миң 856 кол топтогон. БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.
Акыркы маалыматтар боюнча Арстанбек Абдылдаевден тышкары БШКга Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев, Аймен Касенов, Курсан Асанов чогултулган тизмени өткөрүп берди.