Билип ал Кызыктуу

Адам энергиядан турат. Аны кантип туура пайдалануу керек

ХХ кылымдын экинчи жарымында адамдардын энергия алмашуусу боюнча орустун белгилүү окумуштуусу Андрей Попов биоэнергетика боюнча дүйнөлүк эмгек жазган. Бул эмгегинде окумуштуу адамдар дегеле тирүү организимдер 200дөн 300 нанометр аралыкта бири бирине энергия алмашуусу тууралуу жазып ал энергияны “аура”, биоплазма” деп атаган. Адам энергиядан турат.

Заманбап медицинада дагы адамдын энергиясын калыбына келтирүүчү апараттар бар. Ал аппараттын жардамы менен жабыр тарткан органдардын моле­кулаларын жана атомдорун калыбына келтирсе болот.

Адамдар энергияны сүйлөшүп, унчукпай олтуруп, ал тургай уктап жатса да алмашат. Энергия жип сыяктуу бизди бири-бирибиз менен байланыштырып турат. Канчалык көп байла­нышсак ошончолук энергия жипчелери бекемделет. Ата-эне, бир тууган, жубай, балдар менен болгон энергия жипчелер тыгыз болгондуктан биз алардын ахыбалын алыс арылыкта туюп билүүгө жөндөмдүүбүз.

Үй бүлөдө жубайлар бири-бирин энергия менен толуктап турушат. Үйүнө конок көп келген, адамдар үзүлбөгөн үй бүлөлөрдө энергия азаят. Мындай үй бүлөдө уруш чатак ырбап, түгөйлөр ооруп калышы да мүмкүн.

Уруш-чатак чыгарууну сүйгөн адамдар, ушакчылар, жалаа жапкандар, бирөөгө каста­рын тиккендер башкалардын энергиясын соргусу келген адамдар деп такташкан илимпоздор. Энергия жетишпеген адамдар башкалардын кыжырын кайнатып, ачуулантып алардын энер­гиясын алышат.

Яндекс.Метрика