Видео Жаңылыктар

Адам учурат. Таластагы катуу шамалдын видеосу жарыяланды. Бир адам каза болду

Талас облусунда катуу шамал катталып, анын кесепетинен бир адам каза болду. Мындан тышкары орто мектептердин чатырларын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

17-ноябрь күнү саат 14:30 чамасында катуу шамалдын кесепетинен бир нече мектептердин чатырлары учуп, үйлөрдүн короолору учуп кеткен. Мындан тышкары эки терек кулап, 1975-жылы туулган Т.З.А. аттуу жаран каза болду. Жеринде Манас районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатышат.

Кара-Буура районунун метеостанциясынын маалыматы боюнча, райондун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен. Тургундар видеолор менен социалдык тармактарга бөлүшүп жатышат. Төмөндө шамалдын видеосу.

Видео

Яндекс.Метрика