Адамдардын ак эмгегин пайдаланып, акысын төлөбөгөн байларга каргыш тийсин!
Жумуш жок, үйдө олтуруп тажаганымдан, курбу келинге кошулуп, Тараздын базарына кулпунай сата баштадым. Ишибиз жакшы жүрүп, кулпунай жакшы пул болду. Анан жашылча жемиш ташып сата баштадык. Майрамга жакын балдарымды мектепке жиберейин деп айылга кетүүгө туура келди. Курбум эрте сатып кетип калды. Менин товарларым толук өтүп бүтө элек болчу. Ошол базардагы казак келин менен сүйлөшүп ага оптом берейин десем, мага калтыра бер, келгениңче өзүмдүкүнө кошуп сатып коем деди. Ага ишенип баарын эсептеп берип, айылга кеттим. Кайра барсам, тиги келин базарда жок экен. Бир базар күттүм. Жанындагылар айтышты, эми ал базарга чыкпайт, анын үйү Тараздын четиндеги бир айылда дешти. Мен калган акчамды кайрып алайын деп, тиги келиндин жашаган айлына бардым. Барсам, үйүндө жок экен, ал тоого кеткен дешти. Качан келет десем, келбейт дешти. Аны издесең тоого барып жолугуп кел, биз мынабул машине менен кетип атабыз дешкенинен тигилерге кошулуп тоого жөнөдүм.
Барсам чын эле жанагы Шаткүл деген казак келин тоодо экен. Мени кубанып эле тосуп алды. Акчамды бер десем, бир-эки күндө берем деди. Убадасын алып кайра базарга кеттим. Чын эле бир эки күндөн кийин Шаткүл акчаны алып базарга келиптир. “Пулдап жүрөм, тоого тамак-аш алганы келгем” деп колуна бир тутам теңге кармап алган. “Гүлзаада биз менен иштебейсиңби, жакшы айлык табасың. Базарда бир күн соода болот, бир күн болбойт да” деп калды. Эмне болуп иштейм деп сурадым. “Ашпозчу болосуң, курулушчуларга тамак бышырасың”, деди. Ойлонуп калганымды көрүп, “Ойлонуп көр, мен кийинки жумада дагы тамак-аш алганы келем, азыр тоого особняк салып жатабыз” деп кетип калды. Ошол учурда базарда конкуренция көп болуп, биздин товарларыбыз жакшы өтпөй жаткан. Жакшы айлык төлөп берсе 2-3 ай иштеп алайын деп ойлодум. Кийинки жумада Шаткүл базарга келди. Учурашып, ал-ахыбал сурашкандан кийин, менин макул болгонумду угуп, экөөбүз тоого жөнөдүк. Бир базар Шаткүл мени менен болуп, тамак-ашты көрсөтүп, экөөбүз тамак бышырып жүрдүк.
Андан кийин ал “Мени Шымкентке чакырып жатышат, агам кафе ачыптыр, мен башкы ашпозчу болом” деп жөнөп кетти. Мен тоодо калдым. Тоодогу үйдүн ээси бай казак экен. Угушумда эки аял алыптыр. Байбичеси тынчын ала бергенден кийин ага ушул фазенданы сатып бериптир. Үч кабат үй куруп жаткан экен. Анда курулушта иштеген балдардын көпчүлүгү кыргыздар, бригадири казак. Жалгыз өзүм жумушчуларга биринчи, экинчи тамак даярдап абдан кыйналдым. Жардамчым жок жалгызмын. Идиш-аяк жуу, нан бышыруу баары мойнумда. Кыйналган күндөр өтүп, курулуш иши да аяктап калды. Акча болсо заматта эле баары бүтөт тура. Курулуш бүткөндөн кийин курулушчуларга акча бергенде чатак чыкты.
- Эй аке бизге мынча теңге төлөйм дегенсин, бул акча аз го деп нааразы болгон кыргыз жигиттерди көрдүм.
- Ой андай теңгени Кыргызстаныңа барып таап ал… деп, уруш чатак күчөп, кожоюн келгенде айтып жатып акыры акчаларын алышты көрүнөт. Кезек мага келди, “Менин айлыгымды бересизби, жумуш бүтсө кетейин” дедим.
- Сенин айлыгыңды берген элек го, дейт кожоюн.
- Жок, алган эмесмин деп чоочуп кеттим. Ал телефон чалып Шаткүлдөн сурады окшойт, анан минтип айтты. Эртең биерге байбичем келет, ал сага төлөп берет деп кетип калды.
Эртеси балпайган толук аял “Жип” айдап келди. Мен ага күйөөсүнүн айткан сөздөрүн айттым.
Аял билем дегенсип башын ийкеп, машинанын артынан бир коробка түшүрдү. Ал деди. Карасам анда кийилип калган кийимдер бар экен. Бул сага деди. Дагы бир коробка туруптур. Муну да ал деди, аны ачсам катырылган нандар. Бул да сага, нанды сарамжалдап катырып койгом. Балдар нан жебейт, балдарыңа ала бар. Байлык деген ушундай бир тыйындан куралат. Мен ушинтип тиги акмакты байытты элем, ал жаш катын алды” деп үшкүрүп койду.
Мен аялга Шаткүлдүн айткандарын айттым. Мага жакшы айлык төлөп берем деген убадасын эскерттим.
-Аны Шаткүлдөн ал, ал менин алысыраак сиңдим болот. Ме деп мага отуз миң теңге карматты. Аргасыз үйгө жол тарттым. 30 миң теңге арзыбаган акча болду. Жол киреме жетти. Ошентип иштеп, чарчап чаалыгып, кирпиктен тартса жыгылсыз болуп, үйгө келдим. Алданганымды ойлоп, ичим ачышат, күндө бир маал ыйлайм. Андан көрө Таластын базарында жер-жемиш сатсам аздыр-көптүр акча тапмакмын. Адамдардын ак эмгегин пайдаланып, акысын төлөбөгөн байларга каргыш тийсин!!!
Нуржамал, Карабуура району