Дүйнөдө Кызыктуу

Африкада 37 жаштагы аял 10 эм төрөп рекордду жаңылады

Шейшемби күнү кечинде Түштүк Африканын Гаутенг провинциясынын тургуну 10 эм төрөп, бир ай мурун эле орнотулган дүйнөлүк рекордду жаңылады.

37 жаштагы Госиаме Тамара Ситхол Преториядагы ооруканада кесарево жолу менен он баланы төрөгөн. Белгилей кетчү нерсе, медициналык текшерүүдөн өткөндө дарыгерлер сегиз гана эмбрион тапкан.

Төрөт учурунда Тебохо Цотезинин күйөөсү Претория Ньюс гезитине берген маегинде, Ситхол 29-жумада кош бойлуу болуп төрөдү деп айткан:

«Булар жети эркек бала жана үч кыз. Ал жети ай, жети күн болгондо көз жарды. Мен бактылуумун. Мен сезимдерге толуп кеттим”-деп айткан.

Яндекс.Метрика