Аида Исмаилова кызматтан кетти
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу президенттин сайтына жайгаштырылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Исмаилова Аида Жекшенбаевнанын кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Өлкөдө коронавирус илдети аныкталып, өзгөчө абал жарыяланганда Алтынай Өмүрбекованын ордуна ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова вице-премьер-министрликке сунушталган.
Кызматтан эмне себептен кеткени белгисиз. Өзү бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Ал вице-премьер-министр болуп 1-апрелде дайындалган.