Жаңылыктар

Айбек Мырза Жерүй боюнча Ташиевге кайрылды: «Кылмыш ишин козгоо керек»

Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов Жерүй кени боюнча келишимдин экономикалык жана экологиялык жагдайларын текшерген мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек, деп эсептейт. Бузурманкулов мындай пикирин “Фейсбуктагы” баракчасында түз эфирге чыгып айтты.

Айбек Бузурманкулов Коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, эгерде мамлекеттик комиссия түзүлбөсө, анда 2015-жылдагы кен жаатында өткөрүлгөн сынак боюнча кылмыш ишин козгоого чакырды.

Мурдагы облус башчысы Жерүй кенин иштеткен компанияда мамлекеттин үлүшү болушу керек, деп эсептейт. Бузурманкулов өз кайрылуусунда Жерүй кенин иштетүүгө башка мамлекеттердин башчылары эч кийлигишпеши керек, деген пикирин баса айтты.

Яндекс.Метрика