Жаңылыктар

Айфон үчүн урушкан үй-бүлөнүн насыясын дүкөн ээси төлөй турган болду

Альмурут уюлдук телефон дүкөнү Instagram баракчасына билдирүү жазып, насыяга кымбат баалуу телефонду сатып алганы үчүн аялы менен күйөөсү урушуп кеткен сенсациялуу видеого комментарий берди.

«Достор, бизге Айфонду насыяга сатып алууда күйөөсү менен аялы уруша кеткен видео боюнча ачууланган билдирүүлөр көп келе баштады. Бизге атайын төлөй албай турган кардарга кымбат баалуу телефонду берген деп айып тагышты. Мунун айынан үй-бүлөдө чыр-чатактар орун алган», — деп жазган

Дүкөндүн маалыматы боюнча, алар ички иликтөө иштерин жүргүзүп, сатып алуучуну табышкан, алар байланышып, кырдаалды билишкен.

«Учурда алардын үй-бүлөсү тынчсызданып, өздөрүн терс көрүнүштөрдөн коргогусу келип жатышат. Үй-бүлөдөгү материалдык абалды жана эркектин сатып алган нерсени кайтарып берүү өтүнүчүн эске алып, биз өнөктөш банкта насыяны өз каражатыбыздын эсебинен төлөп берүүнү чечтик. Алар iPhone XS Max үлгүдөгү телефон үчүн акча төлөшпөйт. Биз чын жүрөктөн каалайбыз, үй бүлөгө ийгилик, бекемдик, чыдамдуулук жана бакубатчылык каалайбыз»
— деп жазган дүкөндүн кызматкерлери.

Эске салсак буга чейин интернетке Айфон сатып алган үчүн аялы менен күйөөсү урушкан видео тараган.

Яндекс.Метрика