Саясат

Айлык албай иштөөгө каршы чыккан депутаттар

Айрым депутаттар алты ай бюджеттен акча албай акысыз иштөөгө даяр экенин билдиришти. Бул тууралуу резиденцияда өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында белгилүү болду. Депутаттар бюджетке акча которуп, алты ай бекер иштөөгө макул болушкан.

Бирок каршы чыккандар дагы болду. Эч кандай байлыгыбыз жок, айлыкка гана жашайбыз дегендер болду. Эл өкүлдөрү Аида Касымалиева менен Евгения Строкова фракция лидерлеринин кечээки кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча маалымат берүүсүн талап кылышты.

«Алар эмгек акы болбойт деп жатышат. Көпчүлүктөн айырмаланып мен жана бир нече депутаттар айлыкка гана жашайбыз. Сиз биздин активдерди текшере аласызбы», — деди Евгения Строкова.

economist.kg сайтынын маалыматына ылайык депутат Евгения Строкова 2 миллилон долларлык жүгүртүмү бар жашыруун фондко ээлик кылат.

Яндекс.Метрика