Спорт

Айпери Медет кызы алтын медалга ээ болду. Жуманазарова утулуп калды

Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медалга ээ болду. Ал 76 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, анда 6 спортчу 2 тайпага бөлүнгөн.

Медет кызы биринчи раундда жапониялык Юка Кагамини жеңсе, экинчисинде индиялык Судеш Кумарини мөөнөтүнөн мурда 56 секундда жеңип алды.

Жарым финалдык беттеште ал монголиялык спортчу менен беттешип, аны мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Финалда Медет кызынын атаандашы кайрадан жапониялык Юка Кагами болду. Спортчулардын экинчи жолугушуусу да 5:2 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына аяктады.

Айпери Медет кызы спорттук карьерасында биринчи жолу Азия чемпиондугунун алтын медалына ээ болду.

Мээрим Жуманазарова Монголияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында финалда жеңилип калды. Кыргызстандыктар 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анда жалпысынан 7 спортчу 2 тайпага бөлүнгөн.

Тайпалык баскычта кыргызстандык кыз алгач казакстандык спортчуну жеңсе, экинчи айлампада кореялык кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Жарым финалда Жуманазарова Монголиянын спортчусу менен беттешип, жеңишке жетти.

Финалда ал кайрадан казакстандык Мадина Бакбергенова менен беттешип, аны биринчи раундда жеңген.

Жуманазарова 2:1 эсебинде алдыда келе жаткан, бирок беттештин бүтөөрүнө 25 секунд калганда атаандашынын чабуулун 2 упайга өткөрүп жиберди. Ошентип Жуманазарова күмүш байгеге ээ болду.

Яндекс.Метрика