Кызыктуу

Айтбекова: «Башчыларыбыз акылдуу, даанышман болсо…»

Белгилүү актриса Назира Айтбекова өлкө тууралуу ойлорун билдирди.

Башчыларыбыз акылдуу , даанышман болсо, ээ? Эл менен биригип иш кылып, бир да тыйын ашыкча чөнтөккө салбаган, абийири мн эсептешкен адамдар болсо.

Системаны өзгөртүп, идеология киргизип, өрүштү көздөй багыт алса. Баарыбыз бирдиктүү , бир жакадан баш , бир жеңден кол чыгарып, бири бирибизди сыйлап, кадырлап , катуу айтпаган эл болсок ээ? Кайым айтышканга, ушак жүргүзгөнгө такыр бошобосок.

Дитибиз да барбаса. Ар ким өз иши мн, өсүшү мн алек болсо, ээ? Бир унааны жүргүзүү үчүн ар бирибиз бирден тетикке жоокерчиликтүү болгондой, өлкөнү да бирдиктүү алдыга сүрөп турсак. Кошуналар кол салганда , же оору — сыркоо болгондо, жокчулукта укмуш бооркерлигибиз кармап, ак көңүл болуп, топ топко болүнбөй, бир максатты көздөп калабыз го! Так эле ошондой бирок жакшылык үчүн, тынч жашоодо бириксек, ээ?

Коңшулар мн да укмуш ынтымактуу жашасак. Чек ара коюп, жер талашып, аскерлер турбай, баары ачык болсо. Анан бири бирибизге конокко келип, тойго чакырып, шатыра — шатман жашасак. Жан дүйнөбүз, өзөгүбүз, дээрибиз бийик , таптаза, бекем болсо. Баарыбыз жетилген адамдарга кирсек. Анан баарын кечирсек, кечирим сурасак.

Кур намыс дебесек. Бир сыйкыр болуп кетип, элдин баары бирин бири боктогондон, уурдагандан, интригадан, аңдышмайдан, кара санагандан тажап кетип эле , “ Өзгөрүш керек. Минтип өзүбүздү да өлкөнү да уулаган болбойт!” десе. Гүлдөгөн, жаратылыш мн жуурулган, жан дүйнөбүз гүлгө оронгон убакыт келсе… Ох, кыялданып атып, кыялыман чыккым жок десең магдырап!

Яндекс.Метрика