Кызыктуу

Айтбекова: «Эркектердин эсин оодарганды билиш керек»

Чуулгандуу постторду жарата билген ар тараптуу айым Айтбекова өзүнүн катардагы өзгөчө постун жарыялап, аны менен кошо бир кезде «бум» жараткан сүрөтүн чыгарды.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:

Назданып, шыңкылдап, көздү сүзүп, кылгыра карап, жан дүйнөнү кытыгылап, аста — секин кадам таштап, маралдай суйкайып, аял жыттанып, жасанып, түрлөнүп, кубулуп, кулпуруп, дендароо мас кылып, ээритип, эзилтип, сүйдүрүп, сүйрөлтүп, эркектин эсин оодарганды билиш керек да эй!

Кылтылдап, кылгырып, суйкайып , сүзүлүп тургандардын товары жаман өтүмдүү го байкасаң!Аябай сонун сиңдилерим бар да. Бирөөнүн жары болсо, үйдүн куту, балдардын сонун энеси боло турган.

Тек гана аларды жигиттер карабайт. Анткени алар берки шыңкылдаган, жеңил , кумар отун күйгүзгөн кыздардын тегерегинде отту айланып, өрттөнүп кетээрин билбей, билсе да кайыл болуп учкан көпөлөктөй , камырдай ийленип, алдына жайылып турган кези болот.

Берки жакшы кыздар деле жипке тизгендей , зымырайган жигиттерди карабайт. Алардын көзү өзүнө ишенимдүү, көзү курч, тайманбаган, анча — мынча тентектиги бар, корс сүйлөгөн , гүлдү үзүп , бир искеп тебелеп кеткен жигиттерди айланчыктап жүргөн болот.

Эмнеге жаман кыздар мн жаман балдар модада? Өзүнө ишенимдүүлүк, сексуалдуулук, харизма баарын жеңип кеткен сапат окшойт ээ?

Яндекс.Метрика