Кызыктуу

Айтбекова: «НПО — көптү билген, билимдүү, акылман адамдар»

Актриса Назира Айтбекова кадыр түндүн түнү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өзгөчө пост жарыялады:

Айрым адамдардын сөздүгүндөгү сөздөрдү кыргызчадан кыргызчалап которуп көрөйүн деп чечтим. “Стерва”, “ Жез кемпир” деген сөздөр комплимент катары кабыл ала турган болгондо түпкүлүгүндө акылдуу, көптү билген, өз укугун коргой алган, башка бирөөнө тебелетпеген деген ой жатат.

Назира Айтбекова

“Жалап”, “Шерменде” , “Жеңил ойлуу”, бул — комплекси жок, сексуалдуу, табитти ачкан, эркекке жага турчу деми бар, сулуу деген маанини берет. “Бузуку” — эрежеден сырткары жүргөн, өзгөчө, “Эл эмне дейт” мн оорубаган , жетеленме коомду ойгото алган адамга карата айтылат.

“ЛГБТ” — билимдүүлөр, адамдарды рассага, динге, улутка , гей — лесбиянкага бөлбөгөн , баарына бирдей караган, стандарттан сырткары ойлонгон адамдар. “НПО” — көп тилди билген, социалдык долбоорлордо иштеген, көптү билген, билимдүү, акылман, элди ак — карасы менен кабыл алган адамдар.

Ушундай сөздөрдү уксаңар, комплимент катары кабыл алгыла! Анткени ата — энеден жакшы сөз укпагандардын, тарбиясын , сүйүүсүн көрбөй калгандардын ич күптүсүн , таарынычын туура кабыл алалы!

Яндекс.Метрика