Кызыктуу

Айтбекова: «Садыр Жапаров бийликке келгенде кыжырым келген, көрсө…»

«Акаев, Бакиев, Отунбаева , Атамбаев, Жээнбеков баардыгы 61 жашында бийликтен кеткени жана дээрлик баардыгынын (Отунбаевадан башкасынын) тагдыры бирдей болгонунун себеби болсо керек? Мистика го өзүнчө эле. Кайра — кайра кайталана берген кызык жагдай. Жараткан бизге эмнени айтып түшүндүрө албай жатат? Кайсыл жактан ката кетирип атабыз?

Бул тагдыр кайталанбаш үчүн , эл караңгы түндөн күнгө чыгыш үчүн эмне кылуу керек? 61 саны санчылар үчүн эмнени түшүндүрөт? Эзотериканы түшүнгөндөр балким “карма” дейт чыгар. Ал кармадан кантип чыгабыз?

Садыр Жапаров бийликке келгенде алгач ушундай кыжырым кайнады, жек көрдүм, элге бир эсе боор тартсам, бир эсе ачуум келди, бирок тактыга жөн эле киши келе бербейт да . Маңдайына жазылыптыр. Демек, кыргыз үчүн аткара турчу бир миссиясы бардыр?

Балким, дал ошол миссиясы кайра — кайра кайталана берген тагдырды , чиймеленген чиени чечүүдүр? Балким аңдабай, ойлонбой иш жасоо мн туура кадам кылып жаткандыр? Эски ажолордун келиши, катасын моюндашы, кечирим сурашы, элдин да кечириши, бул тагдырды кабылдашы ааламга керек болуп жатпасын??

Тагдырымда кек сактоо, таарынуу жакшы жагдай эмес экенин , андай оор жүк менен алдыга жүткүнө албастыгымды түшүндүм. Кандай кечирим сурап, кечирип, жан дүйнөмдү, оюмду тазалап баштадым , ошондой жакшылык келип, жеңилдеп, бакытка туна баштадым.

Бул жоромолум балким көп адамды кыжырдантаар. Бирок “кашасы” чыгып, чөгүп бараткан өлкөмөн үмүт издеп, жол издеп жатам! Айла кеткендени сөздүр балким, бирок өлкөм оор күндөн чыгып, баарыбыз ынтымакта жашайбыз деген тилегим чоң!»

Яндекс.Метрика