Айтбекова: «Тилек учурунда премьер болгондо Кыргызстан гүлдөп кетмек»
Назира Айтбекова Токтогазиевге толугу менен ишенип, ал Кыргызстанды гүлдөтүп жиберээрин айтты.
«Тилек Токтогазиев Кыргызстанды көтөрөт деп ишенем! Мыкты жигит! Учурунда премьер болгондо эчак көтөрүлмөкпүз! Ушундай жаштар , мыктылар, көкүрөгү токтор келсе ээ? Аферистерден тажабай койдуңар. Алданган , жарды жашаган, курмандык болгон биздин элге жагат окшойт. Психологияны, нейрондорду өзгөртүш керек! Тилектей жаштарга эки кол, эки бутум менен жардам берем!»-деп жазган Айтбекова.