Кызыктуу

Айылда тынч жашайт. Жээнбековдун Кара-Кулжадагы тамы

15-октябрь күнү өз каалоосу менен кызматтан кеткен президент Сооронбай Жээнбековдун кичи мекени Кара-Кулжадагы үйүн тарыхчы Кыяс Молдокасымов жарыялады.

Анда ал мындай деп жазган:

«Ажонун айылдагы жай жашоосу башталатБул үй бүгүн эле кызматтан кеткенин билдирген Сооронбай Шариповичтин Кара Кулжадагы үйү. Туура үч жылдан бери бул үйүнө барып кеңири уктай да элек болчу. Ага протокол деген балекет жол берчү да эмес. Эми өз кызматынан элинин амандыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты өйдө койгон ээсин бул үй чыдамсыздык менен күтүп жаткан учур. Өз өлкөсүнөн өңгө жака качып баш калкалап калбаганына, түбөлүк зарыга күттүрбөй калганы үчүн жансыз үйгө жан бүтүп сүйүнүп жаткандыр……Айтат турган, жаза турган көп сөз бар эле, ансыз да жаны ачып турган ажонун жарасына түз сеппейин, жай турмушта айтайын деп токтоттум…Бул сүрөттү туура 50 күн мурда короолош жашаган эң кенже карындашым менен күйө баламдын үйүнө барганда тартып алдым эле. Эмнегедир бүгүн бөлүшкүм келди. Болгону эң кайгырганым айрымдардай «жакын кудалык» мамилемдин да пайдасы тийбей 3000 жылдык КАРТ ТАРЫХЫБЫЗДЫ изилдөөгө бир жылдан бери бир тыйын бөлдүртө албай үзгүлтүккө учураганы болду!!!»

Яндекс.Метрика