Жаңылыктар

Айзаданы ала качууга катышкан төртүнчү адам кармалды

Айзада Канатбекованы ала качууга катышкан деген шек менен дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков парламенттин жыйынында билдирди.

Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып төртүнчү шектүү дагы (өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевди кошкондо) кармалганын айтты.

Бул кылмыш иши президент жана премьер-министрдин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Буга чейин кылмышка катышы бар делип 32 жана 29 жаштагы жарандар кармалган. Ал эми 27 жаштагы К.А. деген дагы бир шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, издөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

Яндекс.Метрика