Жаңылыктар

Айзаданын өлүмү. 12 кызматкер иштен алынып 44ү жазаланды. Тизме

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен бир катар жетекчилер ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жалпы жонунан 44 кызматкер тартип жазаларына кириптер болушту. Кызматынан бошотулгандардын тизмеси:

Бишкек ШИИББнын жетекчиси, милициянын полковниги Б. Матмусаев;

Бишкек ШИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги Э. Атантаев;

Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын начальниги милициянын полковниги Н.Утемисов;

Биринчи Май РИИБнын начальниги милициянын полковниги А.Казакеев;

Биринчи Май РИИБнын начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары милициянын полковниги И. Базаркулов;

Биринчи Май РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги К. Суранчиев;

Биринчи Май РИИБнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги А. Озубеков;

Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын улук лейтенанты Б.Абдиллаев;

Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын майору Ж.Тукешов;

Биринчи Май РИИБнын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны У.Арыкбаев;

Чүй ОИИББнын КККнын Нөөмөт Бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны Ч.Абыкеев;

Чүй ОИИББнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектор-нөөмөтчүсү милициянын подполковниги М.Уметалиев.

Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” алгандар:

Бишкек ШИИББнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги М. Насиров; Бишкек ШИИББнын КККнын начальнигинин орун басары, ошол эле ыкчам чара көрүү борборунун начальниги милициянын полковниги М.Буларкиев; Бишкек ШИИББнын КМКнын начальнигинин орун басары, ал эле бөлүм начальниги милициянын подполковниги У.Орозалиев; ЖКККББнын Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын полкунун командиринин орун басары милициянын капитаны У.Саргашкаев; Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору С.Байгазинов; Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны М.Насирдинов; Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги М.Карабаев; Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору М.Турумтаев; Биринчи Май РИИБнын Тергөө кызматынын начальниги милициянын капитаны Н.Тургуналиев; Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнын КМКнын начальниги милициянын подполковниги Э.Укубаев; Биринчи Май РИИБнын КККнын начальнигинин орун басары, ал эле нөөмөт бөлүгүнүн начальниги милициянын подполковниги Э.Тыналиев; Биринчи Май РИИБнын Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары милициянын майору Т.Абдукагарова; Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Н.Емилов; Биринчи Май РИИБнын КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын майору М.Бейшеналиев; Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын капитаны Б.Торгоев; Биринчи Май РИИБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын капитаны Т. Саткинбаев; Биринчи Май РИИБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Ч.Толомушов; Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Таалайбек уулу Искендер; Биринчи Май РИИБнын ТКнын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Сагынбек уулу Нурсултан; Биринчи Май РИИБнын ТКнын тергөөчүсү милициянын капитаны А.Каримовго, Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын начальниги милициянын майору З.Эргешов; Биринчи Май РИИБнын ЖЖБнүн начальниги милициянын капитаны Эдилбек уулу Бактияр; Биринчи Май РИИБнын ЖӨИнын начальниги милициянын капитаны М.Адилов; Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын майору М. Тороев; Чүй ОИИББнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча начальниктин орун басары милициянын полковниги А. Савыралиев; Чүй ОИИББнын КККнын начальнигинин орун басары, ал эле нөөмөт бөлүмдүн начальниги милициянын полковниги Т.Анарбаев; Чүй ОИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын майору М. Султаналиев. «Катуу сөгүш» жарыялангандар: Бишкек ШИИББнын КМКнын начальниги милициянын полковниги У.Айтбаев; Бишкек ШИИББнын СКБнын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги А. Исмаилов, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору К.Малабаев; Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги А.Тентиев; Чүй ОИИББнын начальнигинин орун басары, ошол эле КККнын начальниги милициянын полковниги А.Ажыбаев

Яндекс.Метрика