Жаңылыктар

Айзаданын элесине арналган акцияга белгисиз адамдар аларды ЛГБТ деп, каршы митинг даярдап жатышат

Эртең, 15-апрелде эки митинг боло турганы белгилүү болду. Бири Айзаданын өлүмүнө шалаакылык кылгандарга каршы чыгышса экинчи тарап аларды ЛГБТ деп атап аларга каргы чыгышат. Азырынча алар кимдер тарабынан уюштурулуп жатканы белгисиз.

Айзада Канатбекованын уурдалышына жана өлтүрүлүшүнө байланышы бар күнөөлүүлөрдүн бардыгын жазалоону талап кылган митинг 15-апрелде болоорун активисттер кабарлашкан.

Алар Ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылып чыгаарын билдиришти. Митингге чыга турган активисттерге каршы болуп башка жарандар дагы митингге чыгаарын айтып, атайын даярдалган видеону социалдык тармактарга таратып жатышат.

«Биз Кыргызстанда фемицидди токтотууну талап кылабыз. Ушул бейшемби күнү, 15-апрелде саат 12:00дө, сизди Айзаданын элесин эскерүү үчүн Ички Иштер Министрлигинин имаратынын астына (Фрунзе 469) тынчтык акциясына чакырабыз. Кызыл-саргыч(оранжевый) ленталарды ИИМ имаратынын сыртына таштап, ар бейшемби сайын дарбазасына илип турабыз. Бизге кошул!» — деп жазган Улан Үсөйүн.

Яндекс.Метрика