Жаңылыктар

Айзаданын өлүмүнө шектүүнүн моюну оюлган сүрөтү жарыяланды

Айзада Канатбекованын өлүмүнө шектүү Замирбектин автоунаада колуна канцелярдык бычак кармап отурган боюнча каза болгон сүрөтү жарыяланды. Анын моюну оюлуп калганын көрүүгө болот.

Сүрөт нерви жукаларга көрүүгө сунушталбайт.

Мындан тышкары ала качып каза болгон жигиттин апасына кайрылып агасынын телефонуна жөнөткөн акыркы аудио-билдирүүсү социалдык тармактарга жарыяланды. Анда ал Айзадасыз жашай албасын айтып, мени акыркы жолу угуп жатасыздар деген.

«Бардыгына салам айтып коюңуз. Апамдын телефону иштебей жатат. Капа болуп калган окшойт. Аудио жиберип айтып коюңузчу, үйгө кирип айтып коюңузчу. Апа, тынч болуңуздар. Менден өткөн күнөө болсо кечирип коюңуздар. Мен сиздерди каякта болбоюн, сиздерге Кудайдан тиленем, өмүрүңүздөр узун болуп көп жашаңыздар, апа. Ушундай бала төрөп койгонуңузга кечирип коюңуз. Мен сүйүп калдым, апа. Мен Айзадасыз жашай албайм. Айзаданы мен ушунча күттүм, сүйдүм. Ага башкача баштайлы, башкача жашайлы десем дагы болбоду.

Бир айтты күт деди, макул деп күттүм. Экинчисинде дагы алдады. Дагы күт деди, күттүм. Үчүнчүсүндө мен ишене турган эч нерсем жок. Мына жанымда отурат. Дагы да суранып жатат, жалганын айтып. Мен азыр айтып коёюн сиздерге болду. Мына акыркы жолу мени угуп жатасыздар, рахмат баарыңыздарга. Мен сиздерди Кудай алдында кечирдим. Сиздер да мени менден кеткен күнөөлөр болсо кечирип коюңуздар. Баарыңыздарды жакшы көрөм. Баарыңар жүрөгүмдөсүңөр», — деп айткан билдирүүдө.

Яндекс.Метрика