Кызыктуу

Ак үйдүн 7-кабатында кайсы депутаттар отурат?

Ноябрь айында Ак үйдүн тосмосу алынгандан кийин Президенттин Аппараты Жогорку Кеңештин имаратынан чыгып кеткен. Азыр Президенттин Аппаратынын кызматкерлери Өкмөттүн Аппараты менен биргеликте Өкмөт үйүнүн имаратында жайгашкан.

Мурда ылдыйкы кабаттардагы кеңселерди ээлеп турган Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин, анын кеңешчилеринин, президенттик администрация башчысынын, 7-кабаттагы орун басарларынын бош бөлмөлөрүнө (чыгыш бөлүгү) көчүп келишкен.7-кабатта Ж.К. спикери Талант Мамытов, фракция лидерлери Иса Өмүркулов (КСДП), Канат Исаев (Кыргызстан), Алтынбек Сулайманов (Бир Бол), Жыргалбек Турускулов (Республика — Ата Журт), Айсулуу Мамашованын кеңселери жайгашкан. Алар жайгашкан жерин өзгөрткөн эмес.

7-кабатка көчкөн депутаттар:

— Өнүгүү-Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев

— Депутат Өмүрбек Бакиров (КСДП)

— Депутат Дастан Жумабеков («Кыргызстан»)

— Депутат Бактыбек Турусбеков («Бир Бол»)

— Депутат Камчыбек Жолдошбаев (Өнүгүү-Прогресс) Ал эми Камчыбек Жолдошбаев парламент спикеринин мурдагы кабинетине көчтү.

Яндекс.Метрика