Жаңылыктар

Ак үйдөгү тосмо алынып жатат

«Тазалык» муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы темир тордуу ала баштады. Бул чечим 5-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун мэрге жазган расмий катынан кийин аткарылган.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев имараттын тегерегин көрктөндүрүү боюнча иш башталарын айтты.

«Иттер дагы сейилдей алышат«

«Бул тосмону алуу идеясы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго таандык. Муну символикалуу көрүнүш десек болот. Эл менен бийликтин ортосундагы тосмону алуу демилгеси болуп саналат, эми ак үйдүн алдында жада калса иттер дагы сейилдей алышат», — деди Түлөбаев.


Тосмолорду алуу үчүн «Тазалыктын» 30дай кызматкери иштеп жатышат, алар бир жумада ишти бүтүрүшөрүн айтты.

Тосмо 2000-жылдардын башында ошол кездеги президент Аскар Акаев тарабынан коюлган.

Яндекс.Метрика