Жаңылыктар

Ак үйгө депутаттар кирип келатканда «УЯТ» деп кыйкырып турушат

Жогорку Кеңештин кире беришинде нааразычылык акциясы өтүп жатат. Алар парламент депутаттары үчүн «уят коридорун» уюштурушту.

Эл өкүлдөрү имаратка кирип келатканда алар, Уят! Уят! деп кыйкырып турушат.

Буга чейин эл өкүлдөрү биринчи окууда «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Добуш берүү учурунда 63 депутат катталган. Төрт эл өкүлү — Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Дастан Бекешев каршы добуш беришти.

Яндекс.Метрика