Жаңылыктар

Ак-Суу психоневрологиялык мекемеде аял 2 айдан бери асылып турган

10-апрель күнү Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинен 2023-жылдын 6-февралында дайынсыз жоголуп, издөөгө алынган бейтаптын сөөгү табылган.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришкендей, дене бул мекеменин аймагында жайгашкан балатыга асылып турган жеринен табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал даракка эки айдан ашык илинип турган.

иллюстрация

Улуттук борбордун кызматкерлери жана тартылган эксперт Ак-Суу психоневрологиялык СМУга барып, мекеменин жетекчилиги жана каза болгон бейтаптын чогуу жашагандары менен жолугуп, окуя болгон жерди карап чыгышкан. Тергөөчүнүн айтымында, өлүм боюнча иш козголуп, учурда экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 2022-жылдын 14-июлунда кайра каттоодон өткөн. 2003-жылдын декабрынан бери Үсөнбаева Нарынкүл Садыбакасовна директор болуп иштеп келген, бирок ал 2020-жылдын 14-июлунда каза болгон.

Яндекс.Метрика