Дүйнөдө

Акаев 1 миллиард турган батирин Филипп Киркоровго сатты

Орус эстрада ырчысы Филипп Киркоров Кыргызстандын кулатылган президенти Аскар Акаевге таандык батирге ээ болду. Бул тууралуу «New Age Telegram» каналы билдирди.

Белгиленгендей, элиталык батирди ырчы өткөн жылы сатып алган.

Документке ылайык, 2020-жылдын декабрында Киркоров Акаевден «Филипповский» турак жай комплексиндеги эки кабаттуу пентхаус сатып алган. Объектинин базар баасы дээрлик 1 миллиард рублга жеткен.

Бирок, Филипп Киркоров бул мүлк үчүн канча төлөгөнү белгисиз.
Пентхаус 537 чарчы метр аянтка ээ. Турак жай комплекси Москванын борборунда Гоголевский бульварынын жанында жайгашкан. Имараттын ичи мрамор жана мозаика менен сарай стилинде жасалган.

Эске сала кетсек, Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта бийликтен кулатылган. Ал 16 жыл мекенинде жок болгондон кийин 2-августта Бишкекке учуп кеткен. Буга чейин ал «Кумтөр» иши боюнча издөөдө жүргөн. Мурдагы президент УКМКга жеткирилгенден кийин тергөө менен келишим түзгөн.

Анын айтымында, ал бир нече жолу суракка алынган. Мурунку мамлекет башчысы кетээр алдында кайрылуу таратып, анда кыргыз элинен чуулгандуу долбоор үчүн гана кечирим сураган. Ал эми бардык жоопкерчиликти экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев менен Николай Танаевге жүктөгөн. Акыркысы бир жылдан ашуун убакыт мурун каза болгон.

Белгилей кетсек, УКМК Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтеп жатат. Июнда мурдагы жана азыркы депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Исхак Пирматов УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.

Соттун чечими менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-спикер Асылбек Жээнбеков жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев камакка алынган. 3-августта экс-премьер-министр Темир Сариев кармалган. Жактоочулар бул камоолор саясий куугунтук деп эсептешет.

Яндекс.Метрика