Билип ал

Акча үйгө агылып келсин десеңиз буларды аткарыңыз

Ар бир адам акчанын көп болуусун жана  ыңгайлуу жашоону кыялданат. Акчанын туруктуу агымын камсыз кылуу үчүн, айрымдар жумушка болгон күчүн жумшаса, кээ бирлер оңой жолун издешет. Лотерея, көп суммадагы акча табып алуу жана башка.

Төмөндөгү кеңештерди колдонсоң акча сизге тартылат.

Акча жок деп наалыбаш керек

Көп адамдар тагдырга нааразы болгонду жана акча жок деп айта бергенди  жакшы көрүшөт. Бул эң чоң ката. Акча жок болуп турса дагы жок дебей, “азырынча тартыш болуп турат” деп айтыңыз. Кыргызда жакшы сөз бар “жоктун түбү жок болот деген. Ошондуктан, акча жөнүндө сураганда, жөн гана “жашоо үчүн жетиштүү” деп жооп берүү сунушталат.

Үйдөгү эски, кереги жок буюмдардан арылыңыз

Акчанын энергиясы сиздин үйдү байырлап калсын десеңиз, анда үйдү дайым таза кармаңыз. Үйдөгү эски, кереги жок буюмдарды башкаларга бериңиз же өрттөп салыңыз. Өзгөчө үйдүн кире беришине көңүл буруңуз. Кирип келген жер дайым таза, кооз, жарык болуп туруусу керек.

Майда чүйдөгө акча коротпоңуз

Адамдар байыркы мезгилдерден бери билип келген абдан жөнөкөй, бирок натыйжалуу ыкма —  аз сарптап жана көбүрөөк үнөмдөө. Ар бир үйдө акча чогулта турган кутуча болуш керек. Көзгө көрүнгөн анча деле зарыл эмес майда-чүйдө ала бергендин ордуна ошол акчаларда кутуга салып туруу керек. Салгандан кийин аны талкаламайынча ала албай тургандай болушу керек, жана анын ичи көрүнбөгөндөй болсун. Толгондон кийин санасаңыз майда акчалардан чогулуп отуруп бир топ сумма болуп калганын көрөсүз.

Башканыкын албаңыз

Банкнотторду, тыйындарды жана ар кандай жасалгаларды көчөдөн таап алганда албаш керек. Кээ бирлер дуба жасатканда же кандайдыр бир ырым-жырымдарга ишенип атайлап тыйын, майда акчаларды жолго таштап кетишет. Ал акчаны алганда аны менен кошо сизге кара энергия келиши мүмкүн. Ошондой эле башка бирөөнүн капчыгы көчөдө түшүп калса, же бирөөнүкүн атайлап кымтып алуу туура эмес. Бул сизге кошумча киреше болбойт, анда үч эсе чыгым болосуз. Ааламдын ушундай мыйзамы бар.

Үйдө акча сактаңыз

Үйдүн ичиндеги эң сыйлуу деген бөлмөгө эң чоң банкнотадагы акчаны сактап коюңуз. Мисалы эң чоң кыргыз банкнотасы 5 миң сомдук. Бырышпаган, чийилбеген купюраны сактап, аны майдалатпаганга аракет кылыңыз. Ал дайым турушу керек, “акча акчаны чакырат”  деген мыйзам иштейт.

Яндекс.Метрика