Жаңылыктар

Акча сурамай башталды

Кыргызстан Европа биримдигине каржылык жардам сурап кайрылды. 19-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриандан Кыргызстандын бюджетин колдоого жардам сураганы кабарланган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келди. Жазында башталган коронавирус эпидемиясына байланышуу бир нече айга чектөө киргендиктен экономика көрсөткүчтөрү төмөндөгөн. Өлкө президенттик жана парламенттик кайра шайлоо алдында турат. Коронавирус көрсөткүчү кайрадан жогорулай баштады. Бюджетте болсо акча жок деп айтып жатышат. Ар бир төңкөрүштөн кийин өлкө башчылары чет өлкөдөн тилемчидей эле акча сурап келишкен.

Ушул эле жайда Евробиримдик Кыргызстанга бюджетти колдоого жана социалдык коргоо тармагына 25 миллион евро бөлүп берген болчу.

Яндекс.Метрика