Саясат

Аким Кожоев: «Текебаевди Эл Баатыры деп атасак жарашат»

Саясатчы Өмүрбек Текебаев тууралуу оюн активист Аким Кожоев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Текст өзгөртүүсүз берилди:

«Эгер кыргыз саясатынын тарыхында чыныгы саясий ишмер жана улуттук лидер катары кала турган болсо, экинин бири болуп Өмүрбек Текебаев калат. Демократия үчүн башын сайып, өмүр бою авторитаризмге каршы күрөшүп келе жатканы же жалганбы?

Албетте, жаңылган-жазган учурлары да болду. Бирок өмүрүнө кооп жаралып, тагдыры устаранын мизинде турганда да өз принцибинен тайган жок. Демек, Өмүрбек Чиркешовичти эч тартынбай эле Эл Баатыры деп атасак жарашат. Саясатта да, өз оппоненттери менен болгон күрөштө да анык Көк Жал экендигин көрсөтүп келүүдө.

Өлкөбүздүн Түркмөнстан, Тажикстан же дагы башка мамлекеттер сыяктуу авторитардык өлкөгө айланып кетпешине Текебаевдин салымы опол тоодой чоң. Муну тарых али бир нече жолу далилдейт. Өкүнүчтүүсү, бүгүн көпчүлүгүбүз залкар саясатчынын кадырына жетпей, анын какшап айтып жаткандарын укпай да, түшүнбөй да жатабыз.

Мен эч бир саясатчыны кумир тутпайм, ошентсе да мен үчүн Текебаев –демократиянын, ачык коомдун, эркин пикир билдирүүнүн символу. Ушундай кишини көрүнгөнгө тепкилетип, сактап кала албасак, анда биздин бүткөнүбүз! Кайдыгер болбойлу, туугандар! Зордук-зомбулукка каршы үн кошуп, чогуу күрөшөлү!»

Яндекс.Метрика