Жаңылыктар

АКШ Матраимовду «кара тизмеге» киргизди

АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта “Магнитский акты” деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

АКШ элчилиги “Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кеминде 700 миллион АКШ долларын аткезчилик жол менен Кыргыз Республикасынан алып чыгуу схемасына катышкан”, — деп мүнөздөгөн.

Матраимовго каршы киргизилген санкциялар АКШдагы жакындарынын ээлигинде же көзөмөлүндө турган мүлк жана каржы активдеринин тоңдурулушун камтыйт. Америка Кошмо Штаттарында же Америка Кошмо Штаттарынын аймагында (же транзитте) жеке адамдардын санкция салынган адамдардын мүлкүнө же кызыкчылыгына байланыштуу болгон бүтүмдөрүнө тыюу салынат.

Яндекс.Метрика