Дүйнөдө

АКШда жаңы президент

АКШда 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун натыйжасында жеңишке мурдагы вице-президент, Демократтар партиясынын талапкери Жо Байден жакындап келе жатат. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Байден көпчүлүк штаттар аны колдогону анык болуп турганын билдирди:

“Өнөктүк гана узак жана оор болбостон, жалпы өлкө үчүн оор убакыт болду. Мындай кыйынчылыктар мурда да болуп келген. Баары аяктагандан кийин биз, америкалыктар, шайлоо алдындагы айтылган катуу сөздөрүбүздү артта калтырып, демибизди басып, бири-бирибизди кайра уга баштап, угуп, бири-бирибизди урматтап, улут катары биригишибиз керек”.

Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270не ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

Азыркы президент, Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп 2016-жылы шайлоодон утуп чыгып президент болгон.

Яндекс.Метрика