Жаңылыктар

Аксыда 7-класстын окуучусун ким зордуктаганы белгилүү болду

Аксы районунда жакында эле төрөгөн 7-класстын окуучусун зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан «Зордуктоо» беренеси боюнча сотко чейинки иш козголгон. Иштин алкагында 17 жаштагы А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдирдишти.

Кармалган 17 жаштагы жигит жабырлануучунун айылдашы экени белгилүү болду. Мындан тышкары айрым маалыматтарга ылайык ал кызга туугандык жайы бар.

Эске салсак, 1-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 7-класстын окуучусу төрөгөн. Жергиликтүү билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, мектеп окуучусунун кош бойлуу экендигин ата-энелери дагы, мугалимдери дагы билишкен эмес. Аны ата-энеси сокур ичеги деп ооруканага алып келишкен.

Яндекс.Метрика