Жаңылыктар

Акыркы суткада 170 адам вирус жуктуруп, экөө каза болду

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 170 адам коронавирус жуктуруп алышты. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаары — 56

Чүй облусу — 43

Ош шаары — 14

Ош облусу — 22

Жалал-Абад облусу — 19

Ысык-Көл облусу — 15

Баткен облусу – 1

2 адам каза болуп, 30 адам айыгып чыкты. Бирөөсү Чүйдөн 1974 – жылы туулган аял киши. Ал кургак учук жана кант диабети менен ооруп келген. Оор абалда Токмок шаардык ооруканага  келип түшкөн.

Экинчиси эркек киши Бишкек шаарындагы Темир жол ооруканасында каза болду, 1969 – жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну. Эки тараптуу пневмония, курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги болгон.

Жалпы ооругандардын саны 3151ди түздү. Буга чейинки сутка ичинде эң көп катталганы 192 адамды түзөт.

Яндекс.Метрика