Жаңылыктар

Акыры жумуштан кетти! Премьер-министр арыз жазды

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байлыныштуу экени айтылат.

27-майда Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радио жыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн.

Анын айтымында жыштык сатуу боюнча эч кандай тиешеси жок экенин бул айыптар негисиз айтылып жатканын белгиледи.

Ал буга чейин колдоо көрсөткөн президентке, парламентке ыраазычылык билдирди.

Эске салсак Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанар Акаев байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Ал «премьер-министр  буга катышы жок экенин далилдесин жана укук коргоо органдары тез арада буга анын катышы барбы же жокпу, иликтеши керек» деген талап койгон.

Яндекс.Метрика