Жаңылыктар Кызыктуу

«Ал адамдан муну күтүүгө болот болчу». Асел Кадырбекованы коркутуп жаткан ким?

Ырчы Асел Кадырбекованын дарегине коркутуулар болуп жатат. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

«Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо менин жакындарым кимди күнөөлөштү билет. Мени коркутуп жатышат. Бирок бул адамдан мындайды күтүүгө да болот болчу.

Менде аудио жазуулар, телефон чалуулар диктофонго сакталган. Эгер дагы да коркутуу болсо, анда аларды ачыкка чыгарам. Эгер бул жакка чыгарганга мүмкүн болбой калса, анда журналисттерге берем. Мен азыр дагы калыбыма келүү абалындамын, бирок ал мени ачуулантып жатат.

Дарыгерлер мага ден соолугуң тезирээк калыбына келиш үчүн эч качан нерв болбош керектигин айткан. Бирок ал адам ушуну каалап жатат», — деп жазган ырчы.

Ал азырынча ким экенин айтпай турганын билдирди. Буга чейин ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова ажырашып кетишкенин жарыялашкан.

Асел Кадырбекован Инстаграм баракчасындагы катталуучунун «ажырашып кеттиңиздерби?» деген суроосуна жазылган суроосуна ал «Ооба» деп жооп берген.

Аселдин жазгандарынан улам коркутуп жаткан киши эркек адам экенин билүүгө болот.

Яндекс.Метрика