«Ала качуу» оюну смартфонго иштелип чыкты
Кыргызстанда алгачкы жолу «ала качуу» деген оюн телефондорго иштелип чыкты. Бул оюндун негизги максаты ала качууну токтотуу. Бул оюнду ойноо менен кыздар өздөрүнүн укуктарын жана кандай мыйзамдар бар экенин биле алышат.

Оюнда ар кандай каарманды тандаса болот. Ала качып жаткан адамдын, ала качылган кыздын же кыздын курбусу болуп ойносо болот. Оюнду ойноо менен башка адамдын жашоосуна кийлигишүү туурабы, достук менен сүйүүнү ажыратуу, жана башка көптөгөн чечимдерди кабыл алат. Ошондой эле ала качып кеткен баланын үйүндө отуруп же кетип калса да болот.
Окуя азыркы Бишкектин ичинде болот. Оюн жалпы 11 бөлүктөн турат, азыркы учурда 3 бөлүгү чыкты. Калган бөлүктөрү жума сайын чыгып турат. Оюндун авторлору Мария Середа, UX-адис Ирина Леу, сүрөтчү Татьяна Зеленская жана программист Влад Касаткин. Оюнду акысыз Playstore жана IOSтон көчүрүп алса болот.