Кызыктуу

Ала-Тоо аянтында Германия туткунга алган жоокердин сүрөтү илинип турат

Бишкек шаарынын тургундары Жеңиш күнүнө арналган Ала-Тоо борбордук аянтынын майрамдык жасалгаланышынан советтик жоокерди туткунга алган фашисттик Германиянын үгүт сүрөтүн табышты.

Бул тууралуу Дмитрий Федоров аттуу колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына сүрөт жарыялаган.

Бул сүрөттү фашисттик Германия согуш учурунда үгүттөө максатында колдонушкан.

«Бул сүрөттү карап, анын жанында «Биз эстейбиз, сыйлайбыз, сыймыктанабыз!» деген жазууну кантип түшүнсө болот. — деди шаар тургуну ачууланып.

Мэриянын басма сөз кызматы азырынча эмне болгонун тактай электигин, жакын арада баннер алынып салынат деген кыска билдирүү менен чектелди.Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилинде советтик жоокердин колго түшүрүлүшүн фашисттик Германиян үгүттүн бир бөлүгү болгон. Ал 1941-жылы жайында жасалган.

Эске сала кетсек, буга чейин №29 мектеп-гимназиясынын жетекчилиги ардагерлерди Жеңиш күнү менен Германиянын жоокерлери кийген касканын сүрөтү түшүрүлгөн баннер менен куттуктаган.

Яндекс.Метрика