Жаңылыктар

Алайда МИ-8 үлгүсүндөгү аскердик тик учак кулап түштү

Алай районунда МИ-8 абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кулады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.

Чек ара аймагындагы окуя болгон жерге абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы бара жаткандыгы такталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда төрт жабырлануучу бар.

«Бортто жалпысынан 15 адам болгон. Учурда төрт гана жабырлануучу табылды, аларга жардам көрсөтүлүп жатат», — деп УКМКнын маалымат кызматына байланышканыбызда, тик учак авариялык конуу жасаганын билдирип, анда кимдер болгону такталып жатканын белгиледи.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Яндекс.Метрика