Жаңылыктар Кызыктуу

Алгачкы жолу. Кыргызстандык альпинист Эверестке чыгат

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Эверестти багындырууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Эл аралык экспедициянын курамында биздин өлкөнүн өкүлү планетадагы эң бийик чоку Эверестке чыгууну пландаштырууда (8 миң 848,8 метр, Непал). Экспедиция 12-апрелде легендарлуу орус альпинисти Александр Абрамовдун жетекчилиги астында башталып, 2021-жылдын май айынын аягына чейин уланат. Экспедицины Непалдын түштүгүндөгү жол менен баштоо пландаштырылууда.

Экспедициянын курамына Россия Федерациясынын, Израилдин, Малайзиянын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын тажрыйбалуу жана күчтүү альпинисттери кирди.

Яндекс.Метрика