Алканова: «Райым камалды деп сүйүнгөндөр шашылбагыла!»
«Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон журналист Элнура Алканова билдирүү таратты.

«Бүгүнкү саясий, экономикалык кризиске, кырдаалга Райымбек Матраимовту жалгыз себепкер кылып, элди тынчытам деген максаты барлар көп экен.
Матраимовко жакындарынын бир бөлүгү бул жакта мыйзам жок, четке кетип кал дегендер болду, бирок ал киши: «Мыйзамдын астында өзүм жооп берүүгө даярмын, бүт жерди текшерсин, кудайдын астында колум таза», — деп турат. Акыйкатсыздык менен өткөн шайлоого, Жогорку Кеңеш, админ. Ресурс, укук коргоо органдары, ЦИК, шалаакылык менен жазылган мыйзамдар, президент, анан айлана чөйрөсү, ОПГ, анан добушту сатып алган кандидаттар менен добушун саткан эл күнөөлү.
Бул бардык маселерди чече албагандар, эми күнөөнүн баарын Райымбек Матраимовту камап, жалгыз себепкер кылып алдыга жол таштап мурдагы чириген система менен кете беришет экен. Камалды деп сүйүнгөндөргө кайрылам.
Шашылбагыла! Матраимовту жалгыз себепкер кылып камаган система, өлкөнү эч качан гүлдөтпөйт. Ушул кишини эле камаса биз жакшы жашайт элек деген айрым журналистер эми кулак салып, байкап турушсун, жашоо кайсы тарапка өзгөрөөрүн.»
Элнура Алканова Матраимовдорго таандык «Мекеним Кыргызстан» партиясынан 8 катарда шайлоого катышкан. Ал 1992-жылы туулган. 2015-жылы амлекеттик дипломатия академиясында эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. 2015-жылдан бери журналисттик кесипти аркалап келген.