Жаңылыктар

Алматыда митингге катышты делген жаран ким экени белгилүү болду

Казак бийлиги кыргызстандык жаз музыканты Викрам Рузахуновду тоноочу катары көрсөтүп салды. Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын маалымат каражаттарында кармалган адам митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп кеткенин айткан видео жарыяланган.

Анын айтымында, ага «белгисиз адамдар» митингге катышууга 200 долларга сунушташкан. Ага учактын акысы төлөнүп, Алматыдагы батирлердин бирине жайгаштырылган. Аны менен бирге Өзбекстан, Тажикстандан келгендер болгон. Башка маалыматтар айтылган жок. ⠀

Видеодо кыргызстандык жаз музыканты Викрам Ризахунов экенин көрүүгө болот. Ал Алматыга бат-бат гастролдоп турат. Туугандарынын айтымында, аны кыйноого алышкан, каякта экенин эч ким билбейт, ага жолуга да албай жатышат. Музыканттын жакындары маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстандын компетенттүү органдарына жардам сурап кайрылышат.

Социалдык тармактын колдонуучулары жаз музыканты 200 доллар үчүн мындайга эч качан барбастыгын жазышууда.

Яндекс.Метрика