Жаңылыктар

Америка экиге бөлүнөбү?

Дүйнөнүн эң чоң желеги болгон Америка Кошмош штаттарынын Висконсин штатында жайгашкан желекти чагылган экиге айрып кетти.

Ал жакта катуу бороон чапкын болуп, чагылган желекти экиге айрып кеткен. Желектин бийиктиги 21 метр, туурасы 42,6 метр ал эми салмагы 154 кг болгон. Ал Нью-Йоркто жайгашкан эркиндик статуясынан 30 метрге бийиктикте турган.

Андан тышкары штаттагы 30 миңден ашуун үйдү орду түйү менен учуруп кеткен. Азыркы учурда коронавирус пандемиясынан тышкары АКШда афроамерикалык адамды полиция кызматкери өлтүрүп алып, эл арасында башаламандык орун алууда.

100 миңдеген адамдар көчөлөргө чыгып, полиция кызматкерлерине жана бийликтегилерге нааразычылыгын билдирүүшүдө. Анын кесепетинде талап тоноо болуп, бир канча адам мерт кеткен. Дүйнөдөгү эң күчтүү эсептелген мамлекет өз элин токтото албай жаткан учурда желектин экиге бөлүнгөнүн көргөн дүйнө эли жакында Америка экиге бөлүнөт деген божомолдорун айтышууда.

Яндекс.Метрика