Жаңылыктар

Ансыз дагы ачка отурганда. Ырчылар шайлоодо үгүт иштерине катышпайт

Быйыл өтө турган шайлоо алдындагы үгүт иштерине ырчылар катыша алышпайт.

Партиялар үгүт иштерин стадиондордо, көчөлөрдө концерттерди, оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынды.

Мындай талаптар «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө киргизилген. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо Комиссиясынан билдиришкен.

Ансыз дагы жаздан бери тойлор, концерттер токтоп ырчы, тамадалар ишсиз калганына нааразы болуп бир топ маданият өкүлдөрү нааразычылктарын билдиришсе, тескерисинче кээ бирлери колдоп жатышат.

Буга чейинки шайлоодогу үгүт иштеринде ырчылардын алган акылары миң доллардан 30 миң долларга чейин бааланып келген.

Яндекс.Метрика