Жаңылыктар Кызыктуу

Анжелика өзүнүн Инстаграм аккаунтун сатыкка койду

Ырчы Анжелика Instagram баракчасын сатыкка койду. Бул тууралуу ал инстаграм социалдык тармакта билдирди. Учурда ырчынын баракчасында 3 миллион жазылуучу бар жана ал аккаунтун ошол эле 3 миллион сомго сатууну чечкен.

Анжелика бул акча Даун синдрому менен ооруган балдар үчүн борбор курууга жумшаларын жарыялаган.

«Урматтуу катталуучулар, мен сиздерди сатпайм, тескерисинче, миң катталуучум болсо да сезимдерим менен бөлүшкүм келет. Таарынбаңыздар, мени туура түшүнөсүздөр деп ишенем», — деп жазган ал.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө бир катталуучу бир сомго барабар экенин белгилеп, өз катталуучуларына сатып алуучу издеп жатканын жазган.

«Өзгөчө балдар үчүн мектеп куруп берели», — деп кошумчалады ырчы. Жарнамада көрсөтүлгөн номер аркылуу байланышууга мүмкүн болбогонун белгилейбиз.

Эске салсак, буга чейин депутат Айбек Алтынбеков Даун синдрому бар балдар үчүн бала бакча ачууну сунуштаган.

Яндекс.Метрика