Саясат

Анжелика Бишкек шаарына мэр болот

Кечээ, 11-апрелде Бишкек шаардык кеңешине шайлоо болуп өттү. Ошондой эле жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өттү.

Өзгөчө статуска ээ болгон Бишкек шаарын алсак, шаар башчысын шайлоо “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынат. 23-беренеде «Бишкек шаарынын мэрин шайлоону Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жашыруун добуш берүү менен өткөрөт» деп жазылган.

Эгерде Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышкан болсо, шайлоо өттү деп эсептелет.

Анжеликанын «Биздин эл» пратиясы 5 мандата ээ болгон. Анжелика 6 катарда жайгашкандыктан ал депутат боло албай калганы тууралуу кабарлаган. Бул боюнча ырчы төмөнкүдөй билдирүү таратты:

«Бизге 5 мандат берилип жатат. Бешөөнүн бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам. Бирок менин көздөгөн максатым -элге кандай болсо дагы пайда алып келүү!!!

Ден -сооолугумду бекемдеп, сөзсүз келээрки жылы болобу, же жарым жылда болобу, мен шаардык кеңешке келем! Менин ал жерде ордум бар! Өтпөй калды деген маалыматтар туура эмес маалымат!
Буйруса, эми кенен басып, кенен иштеп, аркамдагы күчтүү командам менен көптөгөн жакшы иштерди жасап, элдин батасын алып, келечеке жол курган жаштардан болобуз!!!
Бул жеңиш бизге оңойго турган жок .»

Өздүк маалыматтардан улам Бишкек шаарынын мэрлигине Нариман Түлеев, Илим Карыпбеков жана Анжелика аракет кылып жүрүшүптүр. Баарыбызга белгилүү болбгондой депутаттарга кимиси акчаны көбүрөөк берсе ошол утуп чыкса керек.

Яндекс.Метрика