Окуялар

Апамдын бир жигит менен жазышканын көрүп калдым

Саламатсыздарбы! Сиздерден кеңеш сурайын деп жазып жатам, башка айта турган жакын адамым жок. Мен 21 жаштаман, кудайга шүгүр бир балам күйөөм бар. 3 бир тууганмын мен эң кичүүсүмүн. Жаштайыбыздан уруш жаңжал менен чоңойдук.

Атам көп ичет, ичип келип жаңжал салат. Апам да тилин тыйбайт, катуу урушат. Эки жакта тең күнөө бар. Апам кетип келип жүрдү, атам катуу уруп салып, соттошуп да, ажырашып да, башка аял алып жүрдү. Кийин ал аялы кетип калып кайра апам менен жарашты, биз ар кимдин колунда жүрдүк, балдарын карап. Көрбөгөн күнүбүз калган жок.

Бир туугандарым кудайга шүгүр баары өз теңин таап, очор-бачар болуп жашап жатышат. Мен Москвадамын, эми мынтип небере жыттап бактылуу каарылык сүрө турген кезинде апамдын телефонунан бир жигит менен жазышып жүргөнүн окуп калдым.

Ал өзүнөн кичүү окшойт. Жолугалы, жаным, тиги-бу деген сөздөр! Жолугуп эле жүрүшөт окшойт. Өлүп эле алгым келип жатат, ошол каттарын окугандан кийин өзүмдү койорго жер таппай, оюмдан эч кетпей жатат, кеңеш бериңиздерчи эмне кылайын???

Апама бир нерсе десең эле атаңдын кордугу жетишет деп кыйкырып бакырып уруш чыгарат. Эмне кылсак??? Негатив жазбай эле койгулачы. Аноним

Яндекс.Метрика