Апамдын телефонун карасам бир кишиге төшүн тартып жөнөтүптүр

Акыркы убактарда өтө кыйналып кеттим баарынан көңүлүм калган. Өзүм Аллага шүгүр ороном бирок буга үйдөгүлөр каршы болду ага карабай орондум менин койгойум өтө көп 😔. Мен 17жаштамын. Атам Россияда иштейт ачыгы иштейт дешке да тилим барбайт канча жылдан бери жүрөт 3-4 айда 1-2миң салып койот анан ичет 1айда 5-6кун соо калган куну мас. Кредит алган апам айына 11миң төлөйт карызга батып бүттү.

Апам дагы атам үйдө эместигинен ар кайсы киши менен жүрөт жада калса өзүбүздүн туугандар менен да. Ар дайым апам уктаганда телефонун карап алып ыйлайм 😢 Бир күнү дагы телефонун карасам бир кишиге көкүрөгүн тартып жибериптир айтайын дейм апама бирок нерв иштетсе ооруп калат приступ берет бөйрөгү ооруйт😓😓 Бир жолу чыдабай ыйлап айтып бергем тан албай койгон. Агам бар ал билсе үйдөн чыгып кетеби деп корком ага да айтпайм ичиме жутуп жүрөм. Апамдын дагы өзүнө окшогон достору бар алардын айтуусу боюнча жашоо бир келет ойноп күлүп ал деп жашайт эмне кылсам болот? Кредитти эмнеге алды дешиниздер мүмкүн атам алдырган ичип дагы 200миң карыз бар.

Азыр бизди агам эле багат ал да жаш 18де. Менин ойлонгонум наркы дүйнөдө Алланын астында кантип жооп беришет 😓😓 Кээде ойлойм атамдын башка үй-бүлөсү барбы деп көбүнчөсү телефонун өчүрүп салат… Мен аларды инсап тилештен башка эч нерсе колумдан келбейт айтсам сөз өтө көөп😔😔 Же эч кимге сырымды айта албайм кенеш бериңиздерчи чындап тажап кеттим мындай жашоодон…

Яндекс.Метрика