77 адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп камалган адам бошотулат

Аламүдүн райондук соту 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча соттолгон Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаевди шарттуу түрдө бошотуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Аламүдүн райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Нурлан Темирбаев 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылып, 22 жылга эркинен ажыратылган. 6 жыл УКМКнын тергөө абагында отуруп, 4 жыл мурун №27-колонияга которулган.